Ср. Май 15th, 2024

 Чыңгыз   Айтматов –  ааламдык  ойчул   жана  публицист

Б.  Осмонов  атындагы  Жалал-Абад  мамлекеттик  университетинин илимий  китепканасынын  ТТФнын корпусундагы  окуу  залында, 12 –декабрь  кыргыз адабиятынын күнүнө жана  залкар  жазуучу  Чыңгыз  Айтматовдун  туулган күнүнө карата “ Чыңгыз  Айтматов- ааламдык ойчул  жана  публицист”   деген  темада медицина факультетинин ЛДк- 1-22  тайпасынын студенттери, китепкана кызматкерлери менен биргеликте китеп окурмандардын конференциясы  өткөрүлдү.

Филология факультетинин кыргыз  тили  жана  адабияты кафедрасынын  окутуучусу  Ашимбаева   Г. өз  сөзүндө  Ч.  Айтматовдун өмүрү  жана  чыгармачылыгы,  коомдук  саясий ишмердүүлүгү , өз учурунун  илимдүү,  өлкөнүн  мамлекет болуп  калыптанышына  зор салымын кошкон Төрөкул Айтматовдун  үй бүлөсүндө жарык дүйнөго келгенин  айтып,  студенттерге кеңири  маалымат  берди .

“ Чыңыз  Айтматовдун  өмүрү  жана  чыгармачылыгы”, ”  Манас  жана  Айтматов”, “Чыңгыз  Айтматов  жана кино “,  “Чыңыз  Айтматовдун учкул  сөздөрү  “  деген  темада    студенттер баяндама окушту.

Студенттер Ч. Айтматовго арналган кыргыз акындарынын ыр саптарынан окуп беришти.

  “Чыңгыз   Айтматов –  ааламдык  ойчул   жана  публицист” деген аталышта китеп көргөзмөсү уюштурулду.